Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 18-сентябры № 103/XXVI-28

"Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215 Жарлыгын аткаруу максатында,Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечимине ылайык,Люксембург  айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча иштерди уюштуруу маселесин карап жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү 2023-жылдын 18-ноябрына саат 10-00 дайындалсын.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Люксембург айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын курамы калктын санына ылайык 50 делегат;

2) 2023-жылдын 16-октябрынан 23-октябрына чейин  калктын санына жараша өкүлчүлүктүн ченемин сактоо менен  жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги 1- тиркемеге ылайык;

3) өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси 2-тиркемеге ылайык;

4) өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 3-тиркемеге ылайык.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, каржы, бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана  Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевге  жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Шайлдабеков

 

Люксембург айылдык кеңешинин 

2023-жылдын 18-сентябрындагы

103/XXVI-28 токтомуна 1- тиркеме

 

Люксембург айыл аймагынын өкүлчүлүктүү

жыйындарын өткөрүү

ГРАФИГИ

 

№

Өткөрүлүүчү орду

Убактысы

Калктын саны

Делегаттардын

саны

күнү

сааты

1

Люксембург а.

18.10

14.00

5589

30

2

Киршелк а.

19.10

14.00

2134

20

 

Бардыгы

 

 

7723

50

 

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Р.Шайлдабеков

 

 

 

 

Люксембург айылдык кеңешинин 

2023-жылдын 18-сентябрындагы

103/XXVI-28 токтомуна 2- тиркеме

 

Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси

 

 

№

Жооптуулар

Өткөрүлүүчү орду

1

Касымалиева С.

Сарыбаев А. К.

Молдокеева Д.К.

Ногоева Н.Т.

Люксембург а.

2

Абдыкеримова Н.

Исроилов Т.С.

Бексултанов Б.А.

Болотбек кызы Айжан

Киргшелк а.

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Р.Шайлдабеков

 

 

 

 

Люксембург айылдык кеңешинин 

2023-жылдын 18-сентябрындагы

103/XXVI-28 токтомуна 3- тиркеме

 

 

Люксембург айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындарын

уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы

 

№

Ф.А.А.

кызматы

1

Шайлдабеков Курманбек Русланович

төрага

2

Молдокматова Асель Мыктыбековна

катчысы

3

Акбаева Калбүбү Касманкуновна

мүчөсү

4

Бегматова Динара Анарбековна

мүчөсү

5

Молдогазиев Алмазбек Темирбекович

мүчөсү

 

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Р.Шайлдабеков