Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын

2024-жыл 08-февралы №524

 

“Терек-Сай айыл аймагына караштуу бизнес -инкубатордун курулуш иштери аяктагандыгына байланыштуу ижарага берүү тарифин бекитүү жөнүндө”

            Терек-Сай айыл аймагына караштуу бизнес-инкубатордун курулуш иштери аяктагандыгына байланыштуу жарандарга ижарага берүү максатында жашоого ылайыкталбаган (нежилой) жай катары ижарага берүүгө   1м2-- 50 (элүү) сомдон болгон тарифти бекитип берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын салык инспектору .Качикеевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу бизнес-инкубаторду жарандарга ижарага берүү максатында жашоого ылайыкталбаган (нежилой) жай катары   1м2-- 50 (элүү) сомдон болгон тариф бекитилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын салык инспектору Качикеевге жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.