Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын

2024-жыл 08-февралы №529

 

“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылындагы тургундардын жашаган жерлери тар болгондуктан, жолдун боюн тосуп берүү жөнүндө”

            Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылынын тургундарынын жашаган жерлери тар болгондуктан, тургундардын коопсуздугунун алдын алуу максатында чоң көчө тарапты тосуп берүү зарылдыгы жөнүндөгү айылдын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылынын тургундарынын жашаган жерлери тар болгондуктан, тургундардын коопсуздугунун алдын алуу максатында чоң көчө тарапты тосуп берүү үчүн 1 593 675 (бир миллион беш жүз токсон үч миң алты жүз жетимиш беш) сом акча каражаты каражаты “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.