Редакцияот 04.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын

кезексиз II-сессиясы

 

2023-жылдын 04-марты № 9

 

Жер тилкесинин максатын өзгөртүүгө макулдук

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрациясынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын негизге алып, Панфилов айылынын Каптал-Арык кичи районуна 100 орундуу бала бакча куруу боюнча сунушту карап чыгып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Панфиловка айылынын Центральная  көчөсүндөгү №87/3 жер тилкесине  100 орундуу балдар бакчасын куруу максатында,  архитектуралык  чечимдерине карама-каршы келбегендигин эске алып  жер тилкенин багытын өзгөртүү.

2.              Курама айыл өкмөтү курулушка  долбоордук-сметалык документтерин даярдоо боюнча бардык зарыл иштерди жүргүзсүн.

3.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлүн Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Н.М.Узакбаевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Р.Р.Мамбеталиев