Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 94

“Долбоорго салым кошуу боюнча жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”

 

       Бешкент айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 25-январындагы сунуш каты боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу  Алимбеков Каныбектин, Бешкент айыл аймагындагы “Бешкент айылына караштуу Жогорку маала участкасындагы сайдын жээгин бетон тосмо куруу аркылуу бекемдөө” үчүн 400(төрт жүз миң) сомдук долбоорду ишке ашыруу үчүн өздүк салымы болгон 200(эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык  кеңеши

 

                                                Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.      Бешкент айыл аймагынын “Бешкент айылына караштуу Жогорку маала участкасындагы сайдын жээгин бетон тосмо куруу аркылуу бекемдөө” үчүн 400(төрт жүз миң) сомдук долбоорду ишке ашыруу үчүн өздүк салымы болгон 200(эки жүз миң) сом акча каражаты Бешкент айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин. Лейлек райондук өнүктүрүү фондунан суммасы 200(эки жүз миң) сомдук акча каражаты цемент алуу үчүн бөлүнүп берүү жагы суралсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

 

 

Бешкент айылдык  кеңешинин

                                       төрагасы:         

О. Баховотдинов