БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2024-жылдын 25-январы № 95
“Долбоорго салым кошуу боюнча жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
“Бешкент айыл өкмөтүнө таштанды ташуучу 2 атайын автомашина алуу” долбоору боюнча билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Бешкент айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- “Бешкент айыл өкмөтүнө таштанды ташуучу 2 атайын автомашина алуу” максатында Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен тийиштүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- “Бешкент айыл өкмөтүнө таштанды ташуучу 2 атайын автомашина алуу” аталышдагы долбооруна жалпы суммасы 6,949( алты миллион тогуз жүз кырк тогуз миң) сомдук долбоорду ишке ашыруу үчүн айыл өкмөтүнүн салымы болгон 650(алты жүз элуу миң сом) сомго таштанды ташуучу атайын автомашина (ХОВО) алуу үчүн 1,799(бир миллион жети жүз токсон тогуз миң) сомдук 1 атайын таштанды ташуучу самосвал алуу үчүн,800(сегиз жүз миң) сомдук таштанды топтоочу чуңкур ,Беккари чуңкуру куруу үчүн акча каражаты Бешкент айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин. 12 даана таштанды ящиктерин топтоочу аянтча үчүн 200 (эки жүз миң) сомдук элдердин салымы катары кошулсун. Лейлек райондук өнүктүрүү фондунан суммасы 3,500 (уч миллион беш жүз миң) сомдук 1 атайын таштанды ташуучу автомашинанын акча каражаты бөлүнүп берүү жагы суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык кеңешинин төрагасы: | О. Баховотдинов |