Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты №45

Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган жерлерди ижарага берүү боюнча айыл  өкмөттүн комиссиясына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, муниципалдык менчикте турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүүнүн тартибин жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:

 

1.    Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган жерлерди тоорук аркылуу сатуу жана ижарага берүү боюнча айыл өкмөттүн комиссиясына №1 тиркемеге ылайык өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин

 

2.    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Сай айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Исаковага милдеттендирилсин.

 

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык Кеңешинин финансы, бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Айылдык

кеӊешинин тѳрагасы

 

К.Халматов

 

 

Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын № 45 токтомун №1 тиркеме

 

        Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган жерлерди тоорук аркылуу сатуу жана ижарага берүү боюнча айыл өкмөтүнүн комиссиясынын курамы:

 

  1. Тешебаев Давлатбек – Ак-Сай айыл өкмөтүнүн катчысы.
  2. Камалидинова Акмөөр – Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жер адиси.
  3. Абдинабиев Бекболот – Ак-Сай айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча адиси.
  4. Ниязбеков Тариел – Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аскерге каттоого алуу кызматкери
  5. Жусупова Гулмира – Ак-Сай айыл өкмөтүнүн соц. адиси.

 

 

 

 

  Жооптуу катчы:                             Исакова Г