Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 20-марты № 05

Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык санынын максималдуу чегин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 5-пунктчасынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн Кара-Балта шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Кара-Балта шаардык Кеңешинин аппаратынын штаттык бирдигине иш жүргүзүүчү-катчы кошумча штаттык бирдиги жана айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилсин.

2. Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык санынын максималдуу деңгээли тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Балта шаардык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, туруктуу депутаттык комиссияларга, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына.

 

Кеңештин төрагасы

 

М.Дуйшеналиев

 

 

 

Тиркеме

20___-ж. “___” ________

КБШК № ____ Токтомуна

                                                                        

Кара - Балта шаардык кеңешинин максималдуу штаттык ченеми

№

Кызматтын аталышы

Штаттык ченемдин саны

1.

Төрага

1

2.

Жооптуу катчы

1

 

Баардыгы

2

 

ТТП

2

 

КТП

1

 

Жалпы

5

 

Эскертүү:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомунун 1-пункттун 5-пунктчасынын негизинде иш жүргүзүүчү-катчы кошумча штаттык бирдиги жана айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилди.

 

 Жооптуу катчы

 

Т. Бердыбаев