ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-сентябры №9/1
« Г.С.Сарходжаеванын кайрылуусу боюнча».
Орок айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы Орок айыл өкмөтүнүн тургуну Г.С.Сарходжаеванын Манас айылынан Сарбан айылына 0,15 га жер үлүшүн которуп берүүгө макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-пунктун жетекчиликке алып, Орок айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бул кайрылууну ар тараптуу жана толук кароо үчүн жер үлүшүнө документтердин толук пакети Г.С.Сарходжаева тарабынан берилгенге чейин маселе ачык калтырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы | У. Бекболотов |