Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты №47

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Бакай айылындагы мечитти казыятка өткөрүү жөнүндө

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:

 

1.     Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бакай айылындагы мечит  Казыяттын балансасына өткөрүлүп берилсин.

 

2.     Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Сай айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Исаковага милдеттендирилсин.

 

3.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык Кеңешинин финансы, бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 

 

Айылдык

кеӊешинин тѳрагасы

 

К.Халматов