АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2024-жылдын 13-марты №48
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйындын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйындын өлчөмү төмөнкүдөй болуп бекилсин:
· Ар бир мекеме ишканалар(менчигине карабай) ай сайын 80 (сексен) сом
· Жеке менчик турак үйлөр кожолук башына 20(жыйырма) сом.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Сай айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Исаковага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык Кеңешинин финансы, бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Айылдык кеӊешинин тѳрагасы |
К.Халматов |