Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 31-январы № 1

 Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде   аткарган иштер жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматов 2023-жылда аткарган иштеринин отчётун, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы отурумунун №1 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат

 

 

1.     Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы 2023-жылда аткарган иштери боюнча отчёту канааттандырарлык деп табылды.

 

 

2.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.