АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 31-январы № 2
2023-жылда жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча ФЭБнын отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2023-жылда жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө ФЭБнын отчётун, Ак-Татыр айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы отурумунун №1 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2023-жылда жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө ФЭБнын отчёту канааттандырарлык деп табылды.
Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |