КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-марты № 04
"Кыргыз футбол союзу" юридикалык жактардын ассоциациясы менен “Кара-Балта” МФКсына потенциалдуу өнөктөш жана демөөрчү табууга көмөк көрсөтүү жана өлкөнүн футбол картасында чоң потенциалы бар футбол клубун сактап калуу боюнча алдын ала макулдашууга байланыштуу. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясы "Кара-Балта" муниципалдык футбол клубун "Кыргызалтын" ААКга өткөрүп берүүгө жана андан ары каржылоого макулдук берилсин.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясы “Кара-Балта” муниципалдык футболдук клубун өткөрүү боюнча тийиштүү иш аракеттери аткарылсын.
3. “Кара-Балта” МФКнын муниципалдык спорттук курулуштарына кирүүгө уруксат берилсин (иш менен камсыз кылуу графиги), жыл сайын "Манас" СКнын материалдык-техникалык базасын кармоого каржылоосу каралсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.
6. Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынын мэриясына, “Кара-Балта” МФК, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |