Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 31-январы № 4

 Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймакты социалдык-экономикалык жактан  өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун          программаларын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы 2024-жылдын 29-январындагы отурумунун №1 протоколун угуп жана талкуулап чыгып  Ак-Татыр  айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат

  

  1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата 2025-2026-жылдаргатүзүлгөн аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программалары бекитилсин. (Тиркемеси тиркелет)

  

  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.

                         

            

3.     Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссия төрагасы Дастанбек Эркиновго жүктөлсүн.

 

 

Тиркеме, 3 баракта.

 

 

 

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.

                                                          

 

 

 

БЕКИТЕМ                                                                                      Ак-Татыр айыл аймагынын                 айылдык Кеңешинин төрагасы                     Ысаков.С.Б____________                             2024-жылдын  31-январы № 4

 

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан  өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программалары боюнча болжолдуу ишке ашыруунун 2024-2025-2026-жылдарга иш-чара планы.

№

Иш-чаралардын  мазмууну

Аткаруу  мөөнөтү

 2024-2026 жж

аралыгында

Талап кылынган  акча каражатынын болжолдуу  суммасы

( млн. сом)

Каржылоо   булагы

Чечүү  жолу

1

Ак-Татыр айыл  аймагындагы ички  каналдарды, арыктарды тазалоо   иштерин  жүргүзүү, бак дарактарды отургузуу  жана  көрктөндүрүү.

Жыл  сайын  февраль,  март, апрель     айлары

 

0,200

Жергиликтүү  каражаттан

 

2

Ак-Татыр   айылына   сугат  суу  үчүн  тике  кадуктарды  казуу.

 

2024-ж

12,0

Өнүктүрүү  фонду

 

3

Ак-Татыр  айылына  логистикалык  борбор  ачуу

2024-ж

22,0

Өнүтүрүү  фонду

 

4

Орто-Боз  айылына   кичи  футбол  аянтчасын  куруу

2024-ж

2,5

Жергиликтүү  бюджет, уюмдар

 

5

Ак-Татыр  айылына тиш  дарылоочу   жай  ачуу

2024-ж

1,2

Жеке ишкер

 

6

Ак-Татыр  айылына кичи  ишкана ,  мөмө жемиштерди жана мусурларды  кайра   иштетүүчү , цехтерди   ачуу.

2024-ж

 

6,0

инвестиция 

 

 

7

Ак-Татыр  айылына кичи  ишкана ,  пластик,кап  чыгаруучу  цехтерди   ачуу.

2024-ж

 

6,0

инвестиция 

жеке ишкер   А.у.Ж

 

8

Ак-Татыр  айыл  аймагындагы  айылдарынын  ички  жолдоруна тегиздөө  иштерин  жүргүзүү.

2024-ж

0,150

жергил  бюджет

 

9

Ак-Татыр  айылындагы   типтүү  оорукананын   курулушун бүткөрүү.

2024-ж

95,0

Рес  бюджет

 

10

Ак-Татыр айылына  арка  куруу

2024-ж

1,2

жергил  бюджет Элдердин салымы

 

11

Орто-Боз  айылына чач  алуучу  жай  куруу

 

2024-ж

 

0,450

  жергил  бюджет жана спонсорлор

 

12

Ак-Татыр айылынын  борбордук көчөсүнө  тратуар  куруу 1000 метр

2024-ж

 

0,6

  жергил  бюджет жана спонсорлор

 

13

Орто-Боз  айылындагы Мазаеит  жери  участкаасына сугат  суу  үчүн  200 метр латок  орнотуу. 100 шт

 

2024-ж

 

0,37

жергил  бюджет жана азык-түлүк

 

14

Орто-Боз айылындагы Ж.Момунов атындагы орто  мектебинен  төрт көчөгө  чейинки  жарыктандырууга  кезектеги оңдоо иштерин   жүргүзүү.

 

2024-ж

 

0,100

жергил  бюджет

 

15

Орто-Боз  айылындагы Күнгөй участкасына  элдерди электр энергиясы  менен  камсыз  кылуу  үчүн,  6  даана  бетон  мамычаларын, 1000 м зым жана уголоктор  менен   камсыз  кылуу.

 

2024-ж

 

0,140

жергил  бюджет

 

16

 

Ак-Татыр  айылына  таш  майдалоочу   цех  куруу

2024-ж

7,0

Өнүктүрүү  фонду

 

17

Т.Садыков аорто мектебин  капиталдык  ремонттон  толук өткөрүү

2024-ж

63,5

  АРИС

 

18

Ак-Татыр айылынан  турак  жай  үчүн 200га  жер  аянтын  трансформациялоо

2024-ж

0,200

Айыл өкмөт

 

19

Ак-Татыр  айылына   чоң  футбол  аянтын курулушун  баштоо

2024-ж

1,5

  жергил  бюджет жана спонсорлор

 

 

20

 

Рават  айылына  замамбап  спорт  зал  куруу

2024-ж

6,0

Өнүктүрүү  фонду

 

21

Рават  айылына  музей жана  китепкананын  курулушун  баштоо.

2024- жж

6,0

Жергиликтүү бюдж, эл  аралык уюм.

 

22

Ак-Татыр  айылына   муниципалдык  базар  ачуу

2024-2025-жж

5,0

Өнүктүруу  фонду

 

23

Рават  айлынын  борбордук көчөлөрүн  асфальтоо  3км  Раззаков-Баткен маршуруттары үчүн.

 

2024-2025-жж

 

15,0

 

Өнүктүруу  фонду

 

24

Ак-Татыр жана  Орто-Боз  айылдарын ичүүчү таза суу  менен   камсыз  кылуу,  жеке эсептигичтери  коюу.

2024-2025-жж

133,0

 

АРИС

 

25

Ак-Татыр  айылынын    типтүү  140 орундуу балдар  бакчасы

2024-2025-жж

45,0

Рес  каражат

 

 

26

Орто-Боз  айылын  Ак-Татыр  каналынан  көз карандысыз сугат  суу менен  камсыз  кылуу  1200 м

2024-2025-жж

 

2,0

Өнүктүрүү фонду

 

27

Орто-Боз айылынын  борбордук көчөсүнө  тратуар  куруу  2000 метр

2025 ж

 

1,200

Өнүктүрүү фонду

 

28

Рават  айылына  сүттү  кайра  иштетүүчү  цех   ачуу

2025-ж

6,0

спонсорлор

 

 

29

Рават  айылына  песко жана  пено  блок  чыгаруучу  цех

2024-2025- жж

2,0

 

Жеке  ишкерлер 

 

30

Рават айылын  ичүүчү  таза  жана  сугат  суу менен  камсыз  кылууга тике  кудуктарын  казуу.

2024-2025 жж

8,0

  Өнүктүрүү  фонду

 

 

31

Рават  айылына  типтүү   250 орундуу  типтүү  мектеп   курулушун  баштоо.

2025-ж

76,0

Респуб   бюджет

 

 

32

Ак-Татыр айылына типтүү  ФАП

2025-ж

12,0

Эл аралык  уюмдар

 

33

Ак-Татыр айылына  маданият   үйү

2026-жж

 5,0

Өнүктүрүү фонду

 

34

Рават  айылынын Лейлек-Баткен  чек  арасына арка орнотуу.

 

2026-ж

 

1,2

 

спонсорлор

 

35

Аэропорт участкасына  250  орундуу типтүү  мектеп  куруу

2026-ж

75,0

Рес публика   бюдж

 

36

Аялдардын ден соолугун чыңдоочу фитнес клуб  куруу

2026-ж

10

спонсорлор

 

37

Мүнкүнчүлүгү чектелген  балдардын ден-соолугун  калыбына келтирүү реабилитациялык  борборун уюштуруу.

2026-ж

3,5

Өнүктүрүү фонду

 

                      Ак-Татыр  айыл өкмөтүнүн  жооптуу катчысы:                                                       Н.Абдинабиев