Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 31-январы № 5

                                               Макулдук берүү жөнүндө    

 

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги VIII сессиясы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2023-жылдын башында Миң-Өрүк айылында калк менен болгон жолугушууда калк арасынан көтөрүлүп чыккан талаптардын негизинде Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы отурумунун  №1 протоколунда карап талкуулап чыгып  Ак-Татыр  айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат

 

 

1.    Миң-Өрүк айылына мектептин жаңы имаратын куруу максатында Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын тургундарынын Миң-Өрүк айылындагы № 868 контурундагы 3,9 га үлүш сугат айдоо жер аянтын (үлүш ээлеринин макулдугу менен), Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылында жайгашкан № 811 контурундагы жана № 817 контурундагы кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинде турган айыл чарба багытындагы 3,9 га сугат айдоо жерине алмаштырып берүүгө макулдук берилсин.

 

 

  1. Ушул   токтомдун негизинде  тийиштүү  документтерди толуктап  бүтүрүү жагы  Баткен районунун мамлекеттик администрациядан суралсын.

 

 

  1. Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси  Б.Турдуевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.