Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 31-январы № 9

              Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө

 

 

Кыргыз  Республикасынын  “Жер кодексине”  Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү”  мыйзамына ылайык  Кыргыз  Республикасынын  2013-жылдын 15-июлундагы  “Жер  участокторун которуу (трансформациялоо)  жөнүндөгү”  мыйзамына, 2020-жылдын 26-декабрындагы  №12 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын  2021-жылдын 20-октябрындагы  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 7-беренесинин негизинде карап талкуулап чыгып Ак-Татыр  айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат

 

 

 

1.   Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын батыш тарабынан, муниципалдык ТОП-база ишканасын ачуу максатында, асылдуулугу төмөн жайыт жеринен мамлекеттик менчиктеги  1 гектар жер аянтын “Айыл  чарба  багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер”  категориясына  которуштурууга  (трансформацияга)  макулдук берилсин.

 

2.  Ушул   токтомдун негизинде  тийиштүү  документтерди толуктап  бүтүрүү жагы  Баткен районунун мамлекеттик администрациядан суралсын.

 

 

     3.  Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана комиссия төрагасы Нарзилла уулу Мунарбекке жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.