ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-сентябры №9/4
«Орок айыл аймагында административдик-территориалдык реформаны жүргүзүү жөнүндө»
Орок айылдык кеңешинин кезектүү сессиясы, Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековдун «Орок айыл аймагында административдик-территориалдык реформаны жүргүзүү жөнүндө» жана Орок айыл өкмөтүн өзүнчө калтыруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Орок айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Орок айылдык кеңеши Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына Сокулук районунун айыл аймактарында административдик-территориалдык реформаны жүргүзүүдө, Орок айыл өкмөтүн өзүнчө калтыруу жөнүндө өтүнүчүн берүүнү сунуштайт.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4.Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековго жүктөлсүн.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы | У. Бекболотов |