ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-сентябры № 9/5
1.«Орок айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жана № 279 контурундагы 1 га жер тилкесин айыл чарба багытындагы категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга, Жал айылына «Эс алуу паркын» курууга макулдук берүү боюнча»
2. Орок айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосуна Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына макам берүү боюнча Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын жана орун басарынын катышуусунда ар бир айылда эс алуу күндөрү элдик талкуу өткөрүү боюнча.
Орок айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековдун, Орок айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2023-жылдын 27-сентябрындагы №12 протоколун бекитүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин ошондой эле 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5,17-пунктарын жетекчиликке алып Орок айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Орок айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2023-жылдын 27-сентябрындагы №12 протоколуна ылайык, Орок айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер тилкелери муниципалдык менчикке кабыл алынсын жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынан төмөндөгү жер тилкелерине мөөнөтсүз пайдаланууга мамлекеттик актылар алынсын:
- Селекционное айылынын Ала-Арча көчөсүнүн аймагындагы аянты 9 сотых (900м2) сотых жер тилкесин почта салуу үчүн жана Фельдшердик акушердик пункт коросуна.
- Селекционное айылы Кипкалова көчөсүнүн эмерек цехинин алдында жайгашкан аянты 2,5 сотых (250 м2) сотых жер тилкесин.
- Кашка-Баш айылынын, эски көрүстөнүн аймагы аянты 15 сотых (1500 м2) жер тилкесин.
- Төмөнкү-Орок айылы Мотуке уулу Жакыпбай көчөсүнүн № 12 үйүнүн аймагындагы аянты 2,9 сотых (287,68 м2) жер тилкесин (ашыкча жер).
- Жал айылы, МТФнын аймагындагы 488-489 контурларында жайгашкан 3,6 га жер тилкелери.
- Жал айылы, Гагарин көчөсүнүн № 48 үйүнүн аймагындагы аянты -2,3 сотых (230м2) жер тилкесин (ашыкча жер).
- Жал айылы, Гагарин көчөсүнүн н/ж үйүнүн аймагындагы аянты -3 сотых (300 м2) жер тилкесин (ашыкча жер).
- Жал айылы, Нияз-Ата көчөсүнүн 2а үйүнүн алдындагы аянты -3,5 сотых (350 м2) жер тилкесин.
- Орок айыл аймагына карашатуу №279 контурунда жайгашкан жалпы аянты 1 га жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга, муниципалдык менчикке өткөрүгө жана Жал айлынын жашочуларына «Эс алуу паркын» курууга макулдук берилсин.
2.Орок айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосуна Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына макам берүү боюнча Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын жана орун басарынын катышуусунда ар бир айылда эс алуу күндөрү элдик талкуу өткөрүлүп жана жыйынтыгы чыканча бул маселе ачык калтырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековго жүктөлсүн.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Бекболотов |