АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 31-январы № 1
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылындагы эски мазарды колдонуудан чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы 2024-жылдын 29-январындагы отурумунун №1 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат
- Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын чыгыш тарабында элүү жылдан бери колдонулбай келген эски мазарды, колдонуудан чыгарууга макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссия төрагасы Нарзилла уулу Мунарбекке жүктөлсүн.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |