АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 31-январы № 15
Ак-Татыр Муниципалдык ишканасын ачуу жана ишкананын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 65-беренесине ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айылдык бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы 2024-жылдын 29-январындагы отурумунун №1 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат
- “Ак-Татыр” Муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин негизинде айыл аймакта жайгашкан таза суу түтүктөрүн, суу сактагычтарын туура пайдаланып, элди таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана айыл аймагынын тазалыгын, таштанды төгүүчү жайларды рекультивациялоо иштерин жүргүзүү максатында түзүлүп, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн алдындагы ишкана болуп бекитилсин.
- “Ак-Татыр” Муниципалдык ишканасынын Уставы, Баткен облусунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өтсүн.(Тиркемеси тиркелет)
- Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы жүктөлсүн.
Тиркеме, 9 баракта.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |
Бекитем
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык Кенешинин Төрага:_________________
№ 15 «_31_»_январь_2024- жыл.
« Ак-Татыр»
Муниципалдык ишканасын
Уставы
Ак-Татыр айылы 2024-ж.
«Ак-Татыр» муниципалдык ишканасынын Уставы
1. жалпы жобосу
1.1. Түргөн муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин негизинде айыл аймакта жайгашкан таза суу тутуктөрун, суу сактагычтарын туура пайдаланып, элди таза суу менен узгултуксуз камсыздоо, айыл аймагынын тазалыгын, көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштерин камсыздоо, айылдардын ички жолдорун оңдоп түздөө жана кум, топурак, шагыл каръерлерин иштетүү, таштанды төгүүчү жайларды рекультивациялоо иштерин жүргүзүү максатында тузулуп Ак-Татыр айыл өкмөтунун курамына кирген ишкана болуп саналат.
1.2 Атайын аталышы
Мамлекеттик тилде «Ак-Татыр» муниципалдык ишканасы.
Расмий тилде Муниципиальное предприятие «Ак-Татыр»
1.3 Ак-Татыр айыл өкмөтұнүн алдындагы «Ак-Татыр» муниципиалдык ишканасы өз ишинде К.Р Конституциясына, К.Р. Жарандык Кодексине , К.Р. суу кодексине, К.Р. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын закондоруна, актыларына, башка ченемдүү актыларга жана ишканасынын Уставына таянып иш алып барат.
1.4 Ишкананын менчиктик формасы муниципиалдык уюштуруу укуктук формасы.
1.5 Муниципиалдык ишкана чарбалык түрдө иш алып барат.
1.6»Ак-Татыр» муниципиалдык ишкана юридикалык жак болуп эсептелет. Өзүнүн мөөрү, бурчтук мөөрү, өз алдынча балансы, өздүк эсеби бар,өзүнүн атынан келишимдерди түзүп, ар кандай керектүү мүлктөрдүү сатып алууга укугу бар ишкана.
1.7. «Ак-Татыр» муниципалдык ишкананын негиздөөчүсү болуп Ак-Татыр айыл өкмөтү саналат.
1.8. Муниципиалдык ишкананын юридикалык укуктары, толук кандуу иш алып баруусу, К.Р Акыйкат Министрлигинин каттоо органдарынан өткөндөн кийин башталат.
1.9. Ишкана өз атынан, мұлктұк жана мұлктұк эмес укуктарды сатып алууга, ошонун чегинде доочу же жооп берұұчұ болуп соттордо катышууга укуктуу.
1.10. Юридикалык жайгашкан жери
К.Р.Баткен облусу, Баткен р-ну, Ак-Татыр айылы, Т. Садыков көчөсү №57.
2. Ишкананын максаты жана иш алып баруу түрү
2.1. Ишкананын негизги максаты-азыркы убактын талабына жооп берчидей мыйзамдарга таянып жарандарды таза суу менен татыктуу камсыз кылуу жана айыл аймакта жайгашкан ишканаларга, мекемелерге туура бөлүштүрүп жеткизүү.
- Ишкананын иш алып баруудагы негизги түрлөру
- Калкты таза суу менен камсыз кылуу, ашык сууларды сыртка чыгаруу, канализацияларды тазалоо, юридикалык жана жеке жарандарга кызмат көрсөтүү.
- Суунун тазалыгын К.Р мыйзамдарынын негизинде көзөмөлгө алып, стандарттык сапатын сактоо
- суу түтүктөрүн, башка техникалык шаймандарын жумушчу абалда кармоо таза суу системасын жакшы абалда кармоо
- таза суу системасын жакшы абалда болушун камсыз кылуу
- суу түтүктөрүн , суу сактагычтарын өз убактысында оңдоо-түздөө иштерин жүргүзүү
- канализация жана суу түтүктөрүнүн техникалык документтерин убагында берүү.
- суу системасын монтаждоо, курулуш иштерин өз убактысында жүргүзүү.
Жарандарга, мекемелерге, ишканаларга, уюмдарга суу түтүктөрүн оңдоо иштерин келишим баада жүргүзүү.
-Юридикалык жеке жарандарга келишим түрдө суу киргизип берүү.
-Айыл аймагынын айылдарындагы ички жолдорду оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү.
-Айыл аймагындагы айылдарды жарыктандыруу, көрктөндүруүү иштерин жүргүзүү.
-Жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу.
-Айыл аймагындагы таштанды төгүүчү жайларды рекультивациялап туруу.
-К.Р мыйзамдарына каршы келбеген ишканага залакасын тийгизбеген коммерциялык иштерди жүргүзүү.
2.2 Ишкананын укугу- К.Р. мыйзамында көрсөтүлгөндөй атайын макулдук- лицензия берилгенден кийин күчүнө кирет жана мөөнөтү аяктагандан кийин токтотулат.
2.3 Ишкананын юридикалык жана жеке жарандарга көрсөткөн кызматы К.Р мыйзамдарынын чегинде болушу керек.
3.Ишкананын уюштуруучусу- Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн укуктары жана милдеттери.
3.1. Уюштуруучунун укуктары
- Ишкананын өнүгүүсү үчүн гранттарды, инвестицияларды тартуу.
-Ишкананы таркатып жиберүү жөнүндө чечим чыгарууга, ошого атайын комиссия түзүүгө жана анын балансын бекитүүгө.
- Ишкананын мүдүрүн дайындоого
- Ишкананын өсүшүнө инвестиция катары капиталдык салым кошууга
- таза суу системаларын оңдоп-тұздөө иштерине финансылык акча-каражаттарын бөлуп берүүгө.
-тазалыкты камсыз кылуу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштерине акча каражаттарын бөлүп берүүгө.
-Ишкананын мұлктөрұнө көзөмөл кылууга толук укугу бар.
3.2 Уюштуруучу милдеттуу:
- Ишкананын калкты таза суу менен камсыз кылуу иретинде тузгөн программасын бекитүүгө
- Ишкананын сырттан гранттарды, инвестицияларды тартуу аракеттерине жардам көрсөтуугө
- К.Р мыйзамына каршы келбеген, жаны конуштарга суу тутуктөрун киргизуудө, кыргыз өкмөтуу тарабынан,жергиликтуу айыл өкмөт тарабынан , башка булактардан каржыланышы мумкун.
- Айыл аймакта жайгашкан мекемелер, ишкана уюмдар өз убактысында суу пайдалануудагы төлөмдөру камсыз кылууга милдеттуу.
IV Ишкананын каражаты жана мүлктөрү
4.1 Уставдын 2.1 пунктунун II бөлугундө көрсөтулгөндөй ишкананын жумуш алып баруусуна көмөк катары, Ак-Татыр айыл өкмөту тиешелүү мүлктөрду бекитип, бөлуп берет.
4.2 Айыл өкмөтунун муниципалдык мүлктөрдүн ишкананын балансына өткөзүп берет.
4.3 Ишкана өзунө өткөөрүлүп берилген имараттарга милдеттүү түрдө мамиле жасайт.
- суу тутүктөрүн, суу сактагыч системаларын оңдоп-туздөө иштеринде тиешелүү ишканалар менен келишим түзөт.
-Таза суу пайдалануучулардын мүдөсүн эске алып, айыл тургундарынын сунуштарын кабыл алып стандарттарга жооп бергидей мүлктөрдү туура колдонууга кепил болот.
-каржы булактарын туура пайдалууга так эсеп алып барууга милдеттүү
-Өз убактысында мүлктөрдүн эскиришин көзөмөлгө алуу.
- Ишканага өткөрүлүп берилген мүлктөрдү өз маалында эсептен чыгаруу.
4.4 Ишкана уюштуруучунун макулдугусуз бекитилген мүлктөрдү сатууга, ижарага берүүгө, лизинке коюга, же башкага иш алып барууга тыюу салынат. Андан башка дагы айыл өкмөт тарабынан сатылып келинген мүлктөрдү дагы сатыкка коюга тыюу салынат.
4.5.Ишкананын мүлктүк комплекси эч качан кепилдикке коюлбайт, бирок кыймылдуу мүлктүү уюштуруучунун макулдугу менен коюга болот.
4.6.Эгерде ишкана өзунун каражатына кандайдыр бир мүлк сатып алган болсо же инвестиция аркылуу келген болсо ал мүлк муниципалдык мүлк эсебине кирет .
4.7.Айыл өкмөту тарабынан ишканага өткөрулуп берилген мүлктөр чарбалык иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзүп берет .
4.8.Каржы булактары жана мүлктөр ишкананын балансында көрсөтүлөт.
4.9. Ишкананын мүлктөрүн түзүү булактары:
-Ишканага бекитилип берилген мүлктөр .
-Ишкананын өз ишинин алкагында тапкан ашыкча акча каражаттары .Айыл өкмөтүнүн макулдугу менен.
-Карызга алынган акча каражаттары кредиттер
-амортизациялык төлөмдөр.
-Жарандардан, ишканалардан тушкөн ыктыярдуу түрдө түшкөн акча – каражаттары.
-К.Р.мыйзамына каршы келбеген башка булактардан түшкөн акча каражаттары.
4.10.Ишкана өзунун акча-каражаттарына негизги каражаттарды, кайталануучу каражаттарды сатып алууга укугу бар.
4.11.Ишкана өзүнүн карамагындагы имараттарды оңдоп-түздөп куру иштерин айыл өкмөттүн макулдугу менен жүргүзүүгө укуктуу.
4.12.К.Р. мыйзамына каршы келбеген ар кандай булактардан инвестиция тартууга, өкмөт каржылаган инвестицияларды алууга, гранттарга жол берүүгө толук укугу бар.
4.13.Ишкана айыл өкмөтунөн акча-каражаттын алууга мүмкүнчүлүгү, укугу бар.
4.14.Ак-Татыр айыл аймагынын жергиликтүу бийлигинин макулдугу менен карыз алууга укугу бар.
V. Ишкананын каржылоосун пландаштыруу жана бюджети.
5.1.К.Р.мыйзамына ылайык ишкана айыл өкмөтунө жыл сайын өзүнүн бир жылдык бюджеттик саясатын даярдап кароого алып чыгат.
Ишкананын жылдык каржылоо планы жана иш-чаралары:
-Ишкананын иш-чаралары, келерки жылы аткарыла турган жумуштар, долбоорлор менен жүргүзүлө турган капиталдык курулуштар, техникалык оңдоо иштерин жүргүзүү, күнүмдүк оңдоо жумуштары, стратегиялык пландаштыруу, каржылоо булактарын жакшыртуу.
Сууга төлөмдөрдун структуралык тарифтерин көрсөтүү, тарифтик кирешелердин өлчөмун чагылдыруу акыркы жылдардагы тарифтик чогултуулардын көрсөткүчтөрү.
5.2.Ишкана жыл сайын айыл өкмөтүнө отчет берет.
Жылдык отчетто ишкананын чыгаша жана киреше бөлумү көрсөтүлүп, кийинки жылга коюлган пландары такталат.
5.3.К.Р. мыйзамына таянып ишкана бухгалтердик жана статистикалык отчет жүргүзүп, жогорку өкмөттук структуралык органдарга отчет берип турат.
VI. Ишкана коомдук жана айыл өкмөттүн алдында отчет берүүгө милдеттүү.
6.1.Ишкана өзүнүн иш алып баруусуна айыл өкмөту менен айылдык кенешке баш ийет жана дайыма так, туура маалымат берип турууга тийиштүү.
6.2.Ишкана квартал сайын жана жыл аралыгында калкты туруктуу тейлөө боюнча ,ишкананы эффективдүү башкаруу жөнүндө толук маалымат берип турушу аныкталат.
6.3.Айыл өкмөтү ишкананын элди туруктуу тейлөө жагын көзөмөлгө алып, мониторинг жургүзүп турат, кемчиликтерин жоюп, кийинки жылы ишин жакшыртууга сунуш кылат.
6.4.Ишкана жыл сайын айылдык кенештин алдында отчет берет.
6.5.Ишкана айыл аймактын жарандарын угуп, алардын сунуштарын кабыл алат, калкты таза суу менен камсыз кылуудагы жакшы сунуштарды колдоп өз ишинде колдонот, ишкананын иш-чараларын маалымдоо жагын көзөмөлгө алат, элдин ден-соолугун чындоо, тазалык, суунун баалуулугун жана коргоо жагында иш чараларды алып барат.
6.6.Ишкана айыл өкмөту менен бирге коомдук угууларды алып барат, эл менен чогуу сууга болгон тарифтерди карайт, ишкананын иш-чараларына коомдун активдүү катышуусун камсыздайт
VII тарифтер.
7.1. Жарандарды суу менен камсыз кылуудагы, канализацияларды
Колдонуудагы тарифтер айылдык кенештин чечими менен антимонополия-
лык органдын макулдугунан кийин К.Р мыйзамдарынын негизинде бекитилет.
7.2.Тарифтерди бекитүүдө айылдык кенештин угуусу ачык, коомчулуктун катышуусу менен өтүшү зарыл.
7.3.Калкты таза суу менен камсыз кылууда бекитилген тарифтер жетишсиз болгон убакта, К.Р. мыйзамдарына таянып тарифтер кайта каралып чыгуусу мүмкүн.
VIII Ишкананын милдеттери.
8.1. К.Р. мыйзамына ылайык ишкана толугу менен өзунун иш-чараларына жооп берет.
8.2.Ишкана айыл өкмөттүн келишимдерине, айыл өкмөтү ишкананын келишимдерине жооп бербейт.
8.3.Ишкана К.Р.мыйзамдарынын негизинде соттордо доочу, жоопкер болуп катышууга укугу бар
IX ишкананы башкаруу.
9.1.Ишкананын Мүдүр кызмат ордуна талапкерге карата төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
9.2.Жогорку же атайын орто кесиптик билими;
9.3.Мүдүрдү айылдык кенештин макулдугу менен айыл өкмөт башчысы дайындайт.
9.4.Ишкананын иш-чараларын мүдүр алып барат жана көзөмөл кылат.
9.5.Ишкананын каржылоо бөлүгүн мүлктөрдү башкаруусун, анын
иш-аракеттерин толугу менен мүдүр алып барат.
9.6.Мүдүр адистер менен келишим түзөт, жумушчуларды кабыл алат, ижара келишимдерин түзөт, буйруктарга кол коёт, банктык эсеп ачат уруксат иш кагаздарын берет, андан башка ишкананын жумуштарына ар кандай адистерди чакырып иштете алат.
9.7.Мүдүр юридикалык жана жеке ишкерлер менен иш алып барүүга укуктуу.
9.8.Мүдүр ишкананын штаттык расписаниясын бекитет.
9.9.Мүдүр кызматтык милдеттемелерди бөлүштүрөт, көзөмөлдөйт жана кызматтан кетирет.
9.10.Мүдүр кызматчыларына кошумча эмгек өргүүсүн берет, кошумча төлөмдөрдү бекитет, жөлөк пулдарды төлөйт, жумуш тартибин, саатын бекитет.
9.11.Мүдүр кызматчыларына жана жумушчуларына жакшы эмгектери учун атайын сыйлыктарды берет.
9.12.Мудур кызматчыларына жана жумушчуларына оз милдеттерин жакшы аткарбагандыгы учун сөгүш жарыялайт.
9.13.Мүдүр ишкананын кызыкчылыгы үчүн кызматын так, туура алып баруусу керек.
9.14. Мүдүр ишкананын иш чараларын пландаштырат,уюштурат жана көзөмөлдөйт иш-чаралардын сапаттуулугуна, эффективдүүлүгүнө жооп берет, чарбалык, каржылык иш берет.
9.5. К.Р.мыйзамына ылайык кызматчыларына жана жумушчуларына айлык маянасын төлөп берет, социалдык-пенсиялык камсыздандырууларына кепил болот.
X. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу.
10.1.Ишкана айыл өкмөтүнүн чечими менен айыдык кеңештин колдоосунан кийин кайра уюштурулат же жоюлат.
10.2.Эгерде ишкана жоюлуп кетсе ага тиешелүү мүлктөр толугу менен айыл өкмөттүн карамагына өтөт.
10.3.Ишкананын жоюлушун айыл өкмөт тарабынан түзүлгөн атайын комиссия алып барат, ага айыл кенештин колдоосу керек жана адилет министрилигинин уруксаты абзел.
10.4. Ишкана кайра уюштурула турган убакта бардык кагаз документтер иш-чара кагаздары бардыгы айыл өкмөткө өткөрүлөт, ал эми ишкана жоюлган кезде иш-кагаздары документтери архивке өткөрүлөт.
XI устав өзгөртүү.
11.1.Уставка кошумча жана өзгөртуулөр айыл кенештин чечими менен бекитилип киргизилет, адилет министирлиги тарабынан кабыл алынып каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.
« Ак-Татыр »
Муниципалдык ишкананын
Мудуру : ________________________________________
(ф.и.о)