Редакцияот 30.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон-Ата шаардык кенешинин XXХ чакырылышынын

кезексиз XXX сессиясы

 

 

2023-жылдын 30-ноябры № 30/30-1

 

 Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2023-жылдын 2-майындагы №30/21-8 “Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинен шаарыбыздын үй бүлөө шарты начар пенсионерлерин, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында берилүүчү бир жолку материалдык жардамдарды берүүнүн Жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө

 

        Чолпон-Ата шаарынын жарандарынын арыздарынын негизинде, шаардык кеңештин “Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана “Социалдык маселелер, маданият, спорт, туризм, саламаттыкты сактоо жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 23-ноябрындагы отурумдарынын сунуштарын карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык Кеңеши

 

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2023-жылдын 2-майындагы №30/24-8 “Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинен шаарыбыздын үй бүлөө шарты начар пенсионерлерин, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында берилүүчү бир жолку материалдык жардамдарды берүүнүн Жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жобонун

1.2      пункту төмөндөгүдөй баяндалсын:

“Жобо Чолпон-Ата шаарынын аймагында жашап туруктуу каттоодо турган жана ошондой эле каттоосу жок, бирок 5 жылдан кем эмес Чолпон-Ата шаарында жашаган үй бүлөө шарты начар пенсионерлерге, ден соолугу чектелүү адамдарга жана аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында материалдык жардам көрсөтүүнүн тартибин аныктайт”

2 пункту төмөндөгүдөй баяндалсын:

“Чолпон-Ата шаарында туруктуу каттоодо турган жана ошондой эле каттоосу жок, бирок 5 жылдан кем эмес жашаган жаран муктаждыгына жараша ар бир жылга карата баалардын көтөрүлүшүн эске алуу менен таш көмүр жана тамак-аш продуктылары үчүн акчалай түрүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен компенсацияны бир жолу гана бир түрүнөн материалдык жардам ала алат.Өзгөчө учурларда (Операцияга бара турган болсо же операциядан кийин, үй бүлөөлүк оор кырдаалга кабылган шарттарда,жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабыркагандарга экинчи жолу материалдык жардам алганга уруксат берилсин)

1.1 пункт төмөндөгүдөй баяндалсын:

“ Бир жолку материалдык жардам алуу үчүн Чолпон-Ата шаарында туруктуу каттоосу бар жаран жана ошондой эле каттоосу жок, бирок 5 жылдан кем эмес жашаган жаран, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын өз арызы менен кайрылат.

3.1 пунктундагы “5000(беш миң) сомдон ” деген сөздөр “10000 (он миң) сомдон” деген сөздөргө алмаштырылсын

3.7 пункт төмөндөгүдөй баяндалсын:

“Үч эм төрөлгөн үй бүлөөлөргө бир жолу 100 (жүз миң) сом”

1.1.     3.1. 3.4

биринчи абзацы “жана каттоосу жок, бирок 5 жылдан кем эмес жашаган жарандар” деген сөздөр менен толукталсын.

Бешинчи абзацы төмөндөгүдөй толукталсын:

“3-5 кошунасынан каттоосу жок, бирок 5 жылдан кем эмес жашагандыгы анык деген тастыктаган тил кат”

1.2.     3.2.  3.5

биринчи абзацы “жарандар” деген сөздөн кийин “жана каттоосу жок, бирок 5 жылдан кем эмес жашаган жарандар” деген сөздөр менен толукталсын.

1.3.     3.3.  3.6.

биринчи абзацы “жарандар” деген сөздөн кийин “жана каттоосу жок, бирок 5 жылдан кем эмес жашаган жарандар” деген сөздөр менен толукталсын.

1.4.     3.4

биринчи абзацы “жарандар” деген сөздөн кийин “жана каттоосу жок, бирок 5 жылдан кем эмес жашаган жарандар” деген сөздөр менен толукталсын.

5.1 пункту жокко чыгарылсын.

2. Токтом расмий маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

9. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чолпон-Ата шаардык Кенешинин “Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” жана “Социалдык маселелер, маданият, спорт, туризм, саламаттыкты сактоо жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                            Б.Бакиров