Загрузка документа…
ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-сентябры №9/7
«Зеленстрой» муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Орок айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековдун «Зеленстрой» муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 17-пункттарын жетекчиликке алып,Орок айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орок айыл аймагындагы коомдук жайларды жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, ошондой эле парктардын, спорттук жайлардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу максатында «Зеленстрой» муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин..
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековго жүктөлсүн.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы |
|
У. Бекболотов |