АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 31-январы № 16
Ак-Татыр айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялар ортосунда депутаттардын орун алмашуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине ылайык, Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясы 2024-жылдын 30-январында отурумунун № 1 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат
- Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Жангиров Дурусбек Сейдимахматович менен Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш туруктуу комиссиясынын мүчөсү Эркинов Дастанбек Эркинович, комиссиялар ортосунда орун алмашууга макулдук берилди.
- Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Татыр айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссия төрөайымы Аширгүл Сарыкуловага жүктөлсүн.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |