Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 31-январы № 18

Ак-Татыр айыл аймагында муниципалдык  объектерди атоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө” №67 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын географиялык объктерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Ак-Татыр айылынын жашоочуларынын элдик жыйынынын 2023-жылдын 5-октябрындагы №7 протоколун, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы 2024-жылдын 29-январында отурумунун  № 1 протоколун  угуп  жана талкуулап чыгып  Ак-Татыр  айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат

                                                       

  1. 2022-жылдын 16-сентябрындагы Тажикстандын кол салуусунда мекенибиздин тынчтыгы, бүтүндүгү үчүн эр жигиттик милдетин аткарып жатып баатырларча курман болгон прапорщик Абдисамат уулу Кулатбектин атына Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн муниципиалдык спортзалдын атын берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

                                   

3.     Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссия төрагасы Дастанбек Эркиновго жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.