Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-марты № 29
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Араван, Ноокен, Аксы, Сокулук жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 25.03.2024-ж. № 4 - Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 11.03.2024-ж. № 4 - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 25.03.2024-ж. № 4 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Крупская атындагы айылдык кеңеши боюнча;
Чечимдер "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу кабыл алынган.
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 25.03.2024-ж. № 5 - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ш.Назаралиев айылдык кеңеши боюнча;
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 25.03.2024-ж. № 9, № 10 - Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылдык кеңеши боюнча.
Чечимдер "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде, депутат каза болгондугуна байланыштуу кабыл алынган.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 11.03.2024-ж. № 4 - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылдык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван, Аксы, Сокулук жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Араван, Ноокен, Аксы, Сокулук жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Араван, Ноокен, Аксы, Сокулук жана Кемин аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 27-мартындагы № 29 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Араван району | |||
1 | Керме-Тоо айылдык (№ 4 Кичик-Алай Чөгөм шайлоо округу) | Ахматов Аскарбек Исматуллаевич | Араван АШК, № 4, 25.03.2024-ж. (19.03.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Аксы району | |||
2 | Ш.Назаралиев айылдык (№ 6 Жар-Башы шайлоо округу) | Бабанова Назгүл Нуркуловна | Аксы АШК, № 5, 25.03.2024-ж. (ЖААКтын 04-01 региондор аралык бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 14-февралындагы берилген каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0255391 күбөлүгү) |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
3 | Крупская атындагы айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Сагынбеков Алтынбек Маршалович | Сокулук АШК, № 4, 25.03.2024-ж. (27.02.2024-ж. өз арызы) |
Кемин району | |||
4 | Боролдой айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Беляндра Виктор Александрович | Кемин АШК, № 9, 25.03.2024-ж. (Кемин районунун ЖААК бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 8-февралындагы берилген каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0216385 күбөлүгү) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 27-мартындагы № 29 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
1 | Сакалды айылдык (№ 3 Кыргызстан шайлоо округу) | Дөрбөнов Саматбек Абдимажитович | Ноокен АШК, № 4, 11.03.2024-ж. (28.02.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 27-мартындагы № 29 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
1 | Керме-Тоо айылдык (№ 4 Кичик-Алай Чөгөм шайлоо округу) | Эргешова Салкынай Насыровна | № 14 Чөгөм орто мектеби, мугалим | Араван АШК, № 4, 25.03.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
2 | Сакалды айылдык (№ 2 Сакалды шайлоо округу) | Абдимиталипов Эльдар Баходирович | Жеке ишкер | Ноокен АШК, № 4, 11.03.2024-ж. |
3 | Юсупова Нурмира Абдыкаимовна | Жеке ишкер | Ноокен АШК, № 4, 11.03.2024-ж. | |
4 | Олжобаев Эльбек Кеңешбекович | "Дыйкан Ордо" ЖЧК, башкы эсепчи | Ноокен АШК, № 4, 11.03.2024-ж. | |
5 | Мурашова Курванжан Рахимжановна | № 6 "Жылдыз" балдар бакчасы, директор | Ноокен АШК, № 4, 11.03.2024-ж. | |
6 | Сакалды айылдык (№ 3 Кыргызстан шайлоо округу) | Усубалиев Чынгыз Абдинасирович | "Сүйүнбай-Суу" сууну пайдалануучулардын ассоциациясы, жетекчи | Ноокен АШК, № 4, 11.03.2024-ж. |
7 | Камбаров Шерзоджан Адахамович | Жеке ишкер | Ноокен АШК, № 4, 11.03.2024-ж. | |
8 | Мурашев Аширали Рахимжанович | Жеке ишкер | Ноокен АШК, № 4, 11.03.2024-ж. | |
9 | Сакалды айылдык (№ 4 Чоң-Багыш шайлоо округу) | Минбаев Фуркат Полотович | Жеке ишкер | Ноокен АШК, № 4, 11.03.2024-ж. |
10 | Альярова Чульчехра Абдыганиевна | Жеке ишкер | Ноокен АШК, № 4, 11.03.2024-ж. | |
Аксы району | ||||
11 | Ш.Назаралиев айылдык (№ 6 Жар-Башы шайлоо округу) | Барпыбаев Азенбек Канатбекович | Убактылуу иштебейт | Аксы АШК, № 5, 25.03.2024-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
12 | Крупская атындагы айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Эсенгулов Арзымат Алмамбетович | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК, № 4, 25.03.2024-ж. |
Кемин району | ||||
13 | Боролдой айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Токтомушев Тариель Усенович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Кемин АШК, № 10, 25.03.2024-ж. |