КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз ХХXIV сессиясы
2024-жыл 29-марты №162/34-8
«Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.03.2023-жылдагы N122/26-8 сандуу “Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигинде турган объектилерди 2023-2025-ж.ж. менчиктештирүү программасы жөнүндө» токтомунун 1-тиркемесине толуктоо киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Г.О.Сатарованын Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигиндеги Серый көчөсүнүн № 16 үйүнүн №15 батирин менчиктештирүү программасына киргизип берүү жана Кара-Көл шаарынын тургуну, Афганистан согушунун ардагери Макешов Кадырбек Бакировичтин жеке менчигине акысыз өткөрүп берүү жөнүндө сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Афганистан согушунун ардагери К.Б.Макешов Серый көчөсүнун №16 үйүнүн №15 батиринде көп жылдан бери жашап жатканын эске алып, Турак жай кодексинин 58-60-беренесине, “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” 08.05.1996-жылдагы Кыргыз Республикасынын № 14 Мыйзамынын 14-беренесинин 11-12-бөлүктөрүнө таянып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз ХХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.03.2023-жылдагы № 122/26-8 сандуу “ Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигинде турган объектилерди 2023-2025-ж.ж. менчиктештирүү программасы жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесиндеги 2023-2025-ж.ж. менчиктештирүү программасына киргизиле турган батирлердин тизмесине 92 -катар номер менен Серый көчөсүнүн № 16 үйүнүн №15 батирин киргизүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына ( М.С.Курамаев), көзөмөлдөө өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( И.Р.Касымов) жүктөлсүн.
Төрага: |
Ч.А. Кимсанов |