Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы

 

2024-жылдын 31-январы № 20

                  Самаркандек айыл өкмөтүнүн карылуусун кароо жөнүндө    

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 2-мартындагы №04-27/159 сандуу чыгыш катын, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынынотуруму № 2 протоколунда карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы Токтом кылат

 

 

1.    Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн чыгыш тарабынан Самаркандек айыл өкмөтүнө бара турган жолдун эки тарабынан Арка куруу үчүн Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылуусуна, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан макулдук берилген жок.

 

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.

 

 

  1. Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси  Б.Турдуевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.