АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 31-январы № 20
Самаркандек айыл өкмөтүнүн карылуусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 2-мартындагы №04-27/159 сандуу чыгыш катын, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынынотуруму № 2 протоколунда карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн чыгыш тарабынан Самаркандек айыл өкмөтүнө бара турган жолдун эки тарабынан Арка куруу үчүн Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылуусуна, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан макулдук берилген жок.
- Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |