Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
2024-жылдын 31-январы № 21
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 2-мартындагы №04-27/159 сандуу чыгыш катын, Ак-Татыр айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму № 2 протоколунда карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылына жаңыдан ачылып жаткан Муниципалдык -Базардын ийри жана майда малдары үчүн Баткен облусун өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн акча каражатына Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн өздүк салым катары жергиликтүү бюджетинен 800,0 (сегиз жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |