Редакцияот 1201.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXV сессиясынын

 

2024-жыл 12-январь №5

 

“Кош-Булак айылындагы китепкананын жаңы имаратын куруу үчүн бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Арун уулу Темирбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин (XXII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXV сессиясы токтом кылат:

1.Кош-Булак айылынын китепкананын жаңы имаратын куруу иштерине дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен бүткөрүлүүчү долбоорго өздүк салым үчүн 2 663 823 (эки миллион алты жүз алтымыш үч миң сегиз жүз жыйырма үч) сом акча каражатын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.

3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн http://toguz-toro-ao.org.kg расмий веб-сайтына жарыялоо жагы жооптуу катчы З.Акуновага тапшырылсын.

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

 

У.Токтожумаев