КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 27-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 20-январы № 27/1
“Кулунду айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын төрагасын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 26-декабрындагы №110 Токтомун негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 27-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын №1,2,2/1,3,3/1 Протоколдору бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кулунду айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын №3/1 Протоколунун негизинде эн көп добуш алган (17 добуш) Досов Абдижапар Абдыкаримович төрага болуп эсептелсин.
3. Кулунду айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын төрагасы адилеттүү жана мыйзам чегинде иш алып баруу жүктөлсун.
4. Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык Кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
5. Ушул токтом айылдык Кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gos.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төраганын м.а. | С.А. Надырова |