Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXV сессиясынын

 

2024-жыл 12-январь №9

 

“

“Тегирменди иштетүүдөн түшкөн пайдаданы, тегирменге ветилятор орнотуу үчүн колдонуу жөнүндө”

 

“МЕЛЬНИК-200 СТАНДАРТ” маркасындагы тегирменди иштетүүдөн түшкөн пайдадан тегирменге вентилятор орнотуу керектиги жөнүндөгү Сансызбаев Нурбектин билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXV сессиясы токтом кылат:

 

1.Айыл ѳкмѳтүнүн балансасындагы тегирмендин ижара акысы 1000 сомдон бир жылга 12000 сомдон (он эки миң) ижарачы Сансыбаев Нурбек тарабынан төлөнсүн.

 

2.“МЕЛЬНИК-200 СТАНДАРТ” маркасындагы тегирменден түшкөн таза пайдадан 50% өлчөмүндө же 30000 (отуз миң сом) айыл өкмөтүнүн бюджетине төлөнбөстөн, тегирменге вентилятор орнотуу үчүн пайдаланылсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

4.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн http://toguz-toro-ao.org.kg расмий веб-сайтына жарыялоо жагы жооптуу катчы З.Акуновага тапшырылсын.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы

 

У.Токтожумаев