Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 2-апрели № 72
«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-он биринчи бөлүктөр менен толукталсын:
«Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм - өз ишинин негизги максаты катары пайда табууну көздөбөгөн жана алынган пайданы катышуучулардын ортосунда бөлүштүрбөгөн, чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жерде түзүлгөн, уюштуруучулары (катышуучулары) мамлекеттик органдар болуп саналбаган уюм.
Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм өз ишин Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү - филиалдары жана өкүлчүлүктөрү аркылуу жүзөгө ашырат.
Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрү - мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана тиешелүү түзүмдүк бөлүм жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн реестрине киргизилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын аймагында укук жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү.
Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм - чет мамлекеттерден, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же болбосо көрсөтүлгөн булактардан (мамлекеттин катышуусу бар ачык акционердик коомдорду жана алардын туунду коомдорун кошпогондо) (мындан ары - чет өлкөлүк булактар) акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү алуучу, алар ыйгарым укук берген жактардан акча каражаттарын жана башка мүлктү алуучу жана анын ичинде чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу саясий иштерге катышкан, Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.
Коммерциялык эмес уюм, эгерде анын уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге карабастан, ал мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан алардын мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө багытталган чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүү максатында саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө (анын ичинде каржылоо жолу менен) катышса, ал Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылып жаткан саясий ишке, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарда коомдук пикирди түзүүгө катышып жатат деп таанылат.
Саясий иш - мамлекеттик түзүлүш, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин коргоо, эгемендүүлүктү коргоо жана аймактык бүтүндүктү, мыйзамдуулукту, укук тартибин, мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту, коргонууну, тышкы саясатты, социалдык-экономикалык жана улуттук өнүгүүнү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иш.
Саясий иштин формалары:
- чогулуштар, митингдер, демонстрациялар, жүрүштөр же пикеттер түрүндөгү коомдук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө же болбосо ушул формалардын ар кандай айкалышында ачык-айкын дебаттарды, дискуссияларды, сөз сүйлөөнү уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
- шайлоодо, референдумдарда белгилүү бир натыйжа алууга багытталган ишке, шайлоону, референдумдарды өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө, шайлоо комиссияларын, референдум өткөрүү боюнча комиссияларды түзүүгө, саясий партиялардын ишине катышуу;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына ачык кайрылуулар, ошондой эле бул органдардын ишине, анын ичинде мыйзамдарды же башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга, өзгөртүүгө, жокко чыгарууга таасир этүүчү башка аракеттер;
- мамлекеттик органдар кабыл алып жаткан чечимдер жана жүргүзүп жаткан саясат жөнүндө пикирлерди таратуу, анын ичинде заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен таратуу;
- коомдук-саясий көз караштарды жана ынанымдарды калыптандыруу, анын ичинде коомдук пикирди сурамжылоону жүргүзүү жана алардын натыйжаларын жарыялоо же башка социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу калыптандыруу;
- көрсөтүлгөн ишке жарандарды, анын ичинде жашы жете электерди тартуу.
Саясий ишке илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандардын ден соолугун коргоо, жарандарды социалдык колдоо жана коргоо, майыптарды социалдык колдоо, энени жана баланы коргоо, сергек жашоо ыңгайын, дене тарбиясын жана спортту пропагандалоо, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жаатындагы иштер, ошондой эле кайрымдуулук иши кирбейт.»;
2) 15-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Коммерциялык эмес уюм тарабынан ушул Мыйзамдын жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.»;
3) I глава төмөнкүдөй мазмундагы 171-статья менен толукталсын:
«171-статья. Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдун айкындыгы
1. Ыйгарым укуктуу орган Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин (мындан ары - Реестр) жүргүзөт.
Реестрде коммерциялык эмес уюмдун аталышы, уюштуруучулары жана жетекчиси жөнүндө маалыматтар камтылат.
2. Реестрди жүргүзүүнүн тартиби, анын ичинде анда камтылган маалыматтарга карата талаптар ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
3. Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдун жетекчиси аны Реестрге киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга арыз берүүгө милдеттүү.
4. Реестрде камтылган маалыматтар ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
5. Реестрге киргизилген чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдар тарабынан, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана (же) Интернет тармагын пайдалануу менен өндүрүлүүчү жана (же) таратылуучу материалдар бул материалдар (маалымат) чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм тарабынан өндүрүлгөнүн, таратылгандыгын жана (же) жөнөтүлгөндүгүн көрсөтүү менен коштолууга тийиш.
6. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса, чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм жыл сайын ыйгарым укуктуу органга көз карандысыз аудитордун аудитордук корутундусун берет.
7. Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм ушул статьянын 3, 5 жана 6-бөлүктөрүн бузган учурда, ыйгарым укуктуу орган жол берилген бузууларды жана аларды жоюунун бир айдан ашык эмести түзгөн мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтөт.
8. Эгерде ушул статьянын 7-бөлүгүндө каралган тартипте билдирүүнү алган коммерциялык эмес уюм билдирүүдө көрсөтүлгөн бузууларды четтетпесе, ыйгарым укуктуу орган өзүнүн чечими менен анын ишин алты айдан ашпаган мөөнөткө токтотуп турат.
Мындай коммерциялык эмес уюмдун ишин токтотуп туруу жөнүндө чечим «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууну берүү даттанылып жаткан чечимди аткарууну токтотпойт.
Чарбалык иштер, эмгек келишимдери, анын иш-аракетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу, салыктарды, жыйымдарды жана айып пулдарды төлөө боюнча эсептешүүлөрдү кошпогондо, коммерциялык эмес уюмдун иши токтотулуп турган учурда ага банктык аманаттарды пайдаланууга тыюу салынат.
9. Эгерде ишти токтотуп туруунун белгиленген мөөнөтүнүн ичинде коммерциялык эмес уюм билдирүүдө көрсөтүлгөн бузууларды жойбосо, ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясына ылайык юридикалык жакты жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылат.
10. Эгерде коммерциялык эмес уюмдун ишин токтотуп туруунун белгиленген мөөнөтүнүн ичинде ал билдирүүдө көрсөтүлгөн бузууларды жойсо, коммерциялык эмес уюм өз ишин кайрадан улантат.
11. Мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган коммерциялык эмес уюмдун иши анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишине контролду жүргүзөт. Бул максатта ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
- коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органдарынан алардын тескөө документтерин суратууга;
- мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан жана башка мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынан, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык уюмдардан коммерциялык эмес уюмдардын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты суратууга жана алууга;
- коммерциялык эмес уюм өткөрүүчү иш-чараларга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жөнөтүүгө;
- ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте коммерциялык эмес уюмдун ишинин, анын ичинде акча каражаттарын чыгымдоо жана башка мүлктү пайдалануу боюнча ишинин анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга шайкештигине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 26 (3579) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 14-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |