Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14-мартындагы № 1952-VII токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын
СЫПАТТАМАСЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары Ардак грамота) тик бурчтуу формага ээ, анын негизи көк түстөгү тери менен капталган (С:100 М:90 У:10 К:0) картондон жасалат, каптал бөлүгү алтын түстүү кыргыз оюусу менен кыюуланган.
Ардак грамотанын жогорку бөлүгүндө, алдыңкы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эмблемасы жайгашкан, анын төмөн жагында ысык басуу ыкмасы менен аткарылган алтын түстүү
«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ» деген жазуу жайгашкан.
Төмөн жагында Ардак грамотанын текст бөлүгүн жазуу үчүн көк түстөгү тик бурч формасында оюгу (С:100 М:90 У:10 К:0) бар, ал жалтырак ак кагазга басылган, арткы фону ак илбирстин темгил терисинин сүрөтүн билдирет, ал эми жогорку жана төмөнкү бөлүгү «аксакалдар кеңеши» деген кыргыз оюусу менен кыюуланган.
Андан ары, Ардак грамотанын ортосу боюнча төмөн жакта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин түстүү сүрөтү жайгашкан, анын диаметри 27 мм. Анын алдында алтын кыюулануусу менен көк түстөгү баш тамгалар менен мамлекеттик тилдеги «АРДАК ГРАМОТА» жазуусу түшүрүлгөн, андан төмөндө алтын кыюусу менен Ала-Тоонун жанында көк түстөгү ак илбирстин сүрөтү жайгашкан. Төмөн жакта сыйланып жаткан адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты жана мамлекеттик тилде сыйлоонун негизги тексти келтирилет.
Төмөнкү сол бөлүктө үч сапка баш тамгалар менен мамлекеттик тилде «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы» деген сөздөр жайгашкан. Оң жакта үчүнчү саптын деңгээлинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын инициалдары жана фамилиясы жайгашкан.
Сол тарапта төртүнчү сапта QR-code (тескеменин электрондук вариантын камтыйт) жайгашкан, ал эми оң тарапта сыйлоо жөнүндө тескеменин номери (№___ӨК/АГ) көрсөтүлөт. Төмөн жакта Ардак грамотанын ортосунда мамлекеттик тилде «Бишкек ш.» деген сөздөр жайгашат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын колу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин гербдүү тегерек мөөрү (кызыл түстөгү оттиск) менен ырасталат.
Ардак грамотанын арткы бетине түз жерге коюу үчүн таяныч жана дубалга бекитүү үчүн болоттон жасалган илгич бекитилет.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Ардак грамотасынын үлгүсү
2-тиркеме № 1 схемалык сүрөт
2-тиркеме № 2 схемалык сүрөт
2-тиркеме № 2 схемалык сүрөт