Редакцияот 12.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынынм XI кезексиз   сессиясы

2024-жылдын 12-марты  № 11/2

Тоголок-Молдо айыл аймагында аз-камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана айыл аймакка тиешелүү мечиттердин документтерин бүтүрүү жана иш-чаралардын өтүлүшүнө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

 

Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Абдиев Калыбек Дүйшөнбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.           Тоголок-Молдо айыл аймагына тиешелүү мечеттердин документтерин бүтүрүү, өрт коопсуздугунун шаймандарын сактоо, электр чубалгыларын, видео көзөмөл койдуруу боюнча жергиликтүү бюджеттен алынып жазалып берилсин.

2.           Тоголок-Молдо айыл аймагындагы спортчуларды колдоо максатында жекелик жана команда боюнча  (эр эңиш, күрөш, көк-бөрү ж.б) мелдештин катышуучуларына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.           Тоголок-Молдо айыл аймагындагы аз камсыз, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жардамга муктаж айыл тургундарына жергиликтүү бюджеттен жардам берилип бюджеттен акча которулуп берилсин.

4.           Облусттук жана райондук деңгээлде өткөрүлгөн иш-чараларга катышуу максатында баардык чыгымдарды эске алуу менен жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

Төрага

Ж. Турдубеков