КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 11-марты № 90-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай Баатыр - Каракол участогу) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (техникалык жардам) (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай баатыр - Каракол участогу) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жогоруда аталган макулдашууларды ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-мартындагы № 90-т тескемеси менен жактырылган |
2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай Баатыр - Каракол участогу) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (техникалык жардам) (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай баатыр - Каракол участогу) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай Баатыр - Каракол участогу) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (техникалык жардам) (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай баатыр - Каракол участогу) (мындан ары - Макулдашуулар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келет.
Макулдашуулар аларга кол коюлганга чейин тиешелүү мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин 2023-жылдын 22-ноябрындагы чечими; Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2023-жылдын 20-ноябрындагы чечими, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2023-жылдын 21-ноябрындагы чечими) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы 722-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашууларда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (мындан ары - ЕРӨБ) тарабынан 44,2 млн. евро өлчөмүндө кредиттик каражаттарды берүү жана ЕРӨБ акционерлеринин атайын фондунун жана туруктуу инфраструктура фондунун ресурстарынан 3,2 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды бөлүү каралган. Кредит 5 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо 20 жылга, 1% + алты айлык EURIBOR менен берилет. Долбоордун жалпы наркы 47,4 миллион еврого бааланган.
Макулдашууларда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун региондук рынокторуна жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, жеңил, жүргүнчү жана жүк транспортунун кыймылынын интенсивдүүлүгүнүн өсүшүнө жетишүүгө, Ысык-Көл облусунун жана жалпысынан Кыргыз Республикасынын туристтик тармагын өнүктүрүүгө, ошондой эле транспорттук каттамдарды жана мобилдүүлүктү жакшыртууга багытталган Ысык-Көл айланма автожолун (Балбай Баатыр - Каракол участогу) жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашырууга кредиттик жана гранттык каражаттарды бөлүү каралган.
Көрсөтүлгөн Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир терс, финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.