Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН 

ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2024-жылдын 21-февралындагы № 1    

 

Алтын-Арашан айыл аймагыны жергилктүү кеңешинин төрагасын шайлоо  боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

протоколду бекитүү тууралуу

 

     “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында айылдык кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,

 

токтом кылат:

 

      1. Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы № 1  протокол бекитилсин.

 

      2. Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Иманалиев Тологон Талатбекович шайланган төрагасы деп таанылсын.

 

      3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага                                                                                                     Б.Б Асангазиев

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы бириккен Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

 

ПРОТОКОЛ № 1

 

2024-жылдын   21  февраль       Октябрь а.

 

Төрагалык кылуучу: Б.Б Асангазиев

Сессиянын катчысы: Ж.С Батамбекова 

Катышкандар:   жергиликтүү депутаттар

 

Күн тартиби:

   1.Алтын-Арашан айыл аймагы деп аталышы боюнча

  2.Алтын-Арашан жергиликтүү кеңешинин төрагасын жана орун басарын  шайлоо боюнча

Катышкандар: жергилитүү Кенештин депутаттары

 

   Октябрь, Кара-Жал, Бөрү-Баш  бириккен Алтын-Арашан жергиликтүү кеңешинин жалы депутаттарынын саны - 43, анын ичинен катышкандары -33

              

     “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына,    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаныгн алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобого ылайык,  төрагалык кылуучу Асангазиев Бактыбек Бейшебекович   Алтын-Арашан жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды.

       Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна 3 талапкер – Ак-Суу районундагы Октябрь, Кара-Жал, Бөрү-Баш айыл аймагын түзгѳн айылдык  кеңештердин тѳрагалары ат салышат.

 

      1.Жумашев Райымбек Орозалиевич  - Кара-Жал  айылдык кеңештин тѳрагасы;

2.Иманалиев Төлөгөн Талатбекович-   Октябрь  айылдык кеңештин тѳрагасы;

3.Тынаев Кубанычбек Джапарович -   Бөрү-Баш айылдык кеңештин тѳрагасы.                                                                                             

 

      Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тѳмѳндѳгүлѳр аныкталды:

1. Алтын-Арашан  айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын жалпы саны – 43 түзөт.

2. Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны - 33

3. Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны (алфавиттик тартипте):

 

1. Жумашев Райымбек Орозалиевич   -  9 добуш.

2. Иманалиев Төлөгөн Талатбекович -   22  добуш.

3. Тынаев Кубанычбек Джапарович  -  2  добуш.

 

      Ак-Суу районундагы Октябрь, Кара-Жал, Бөрү-Баш бириккен Алтын-Арашан  айыл аймагынын жергиликтүү   кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталды, ага ылайык депутаттардын кѳпчүлүк  добушун алган талапкер Иманалиев Төлөгөн Талатбекович Алтын-Арашанжергиликтүү  кеңешинин төрагасы шайланган деп таанылды.

 

 Төрагалык кылуучу                 Б.Б Асангазиев