Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 28-февралы № 59
2019-жылдын 21-июнунда Женева шаарында кабыл алынган эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун № 190 конвенциясын ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 21-июнунда Женева шаарында кабыл алынган эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун № 190 конвенциясы ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Эл аралык эмгек бюросунун башкы директоруна ратификациялоо жөнүндө грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 26 (3579) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 17-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |