Загрузка документа…
ИЛЬИЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ильич айылдык кеңешинин кезектеги 28 чакырылышынын сессиясы
2022-жылдын 26-июлу № 24
"Тасакемин" аянтындагы пайдалуу кендерге геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна макулдук берүү жөнүндө
"Кемин Ресурс Групп" ЖЧКсынын башкы директору Тянь Дацзинин №14 12.07.2022-ж. кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып "Тасакемин" аянтында алтын, күмүш жана жезге геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына ылайык макулдук берүү жөнүндө, Ильич айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Чүй облусунун Кемин районунун Советское айылындагы "Тасакемин" аянтында "Кемин Ресурс Групп" ЖЧК "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алтын, күмүш жана жезге геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы К. Р. Жетенбаевге милдеттендирилсин.
Ильич айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Э.Абакеев |