АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын Алтын-Арашан жергиликтүү
Кенештин биринчи сессиясы
2024-жылдын 21-февралындагы № 3
“Алтын-Арашан” жергиликтүү кеӊештин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеш Алтын-Арашан айыл аймагынын 98 пайыз кыргыз улутундагы жарандар болгондуктан жана калган жашаган калк кыргыз тилин жакшы түшүнгөндүктөн жана айылдык Кеӊештин регламентинин 3-беренесине ылайык Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊештин иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
2.Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдө жагын өзүмө калтырам.
Төрага Т.Т Иманалиев