КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы
2024-жыл 29-марты №01-5/198
“
“Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштөө абалы жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, шаардык Кеңештин иш-планына негиз жүргүзүлгөн саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин иштөө абалы боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке токтом кылат.
1. Шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Жалпы дарыгерлик практикалык борборунун балдар бөлүмүнүн имаратын капиталдык оңдоо иштерине муктаж экендиги белгиленип шаардык мэриянын 2025-жылга каралуучу иш-планына киргизүү сунушталсын.
3.Шаар аймагындагы орто мектептерде биринчи класска окуучуларды кабыл алууда жергиликтүү шаар тургундарынын балдарына приоритет берилсин.
4. Шаар аймагындагы орто мектептердеги балдардын билим сапаты начарлап кеткендигине байланыштуу сырттан келген балдарды кабыл алууда балдардын санына чектөө киргизүү мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
5. Шаар аймагындагы орто мектептердеги ар бир класска видео камера орнотуу сунушу эске алынсын жана камера орнотууга кетүүчү чыгымды толук эсептеп кезектеги сессияга сметасын даярдап алып чыгууну каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Я.Т.Абдурахмановго милдеттендирилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А. Абдуразаков |