Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Арашан жергиликтүү кенешинин биринчи чакырылышы
2024-жылдын 20-мартындагы № 5
“Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтү
мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеш токтом кылам:
1.”Октябрь айыл өкмөтү”, “Кара-Жал айыл өкмөтү”, “Бөрү-Баш айыл өкмөтү” мекемеси бириктирлип “Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтү” болуп түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтү " мекемеси;
-Расмий тилде: Учреждение "Айыл өкмөт айылного аймака Алтын-Арашан "
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: " Алтын-Арашан айыл өкмөт" м-и
- Расмий тилде: У-е " Айыл өкмөт Алтын-Арашан"
2. «Алтын-Арашан айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин
3.Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Октябрь айылы, Кожокматов көчөсү № 29 болуп аныкталсын.
4.Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
5.Токтом веб-сайтка жайгаштырылып, юстиция органынан мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Иманалиев |