Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-декабры № 1705-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-декабрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жарандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2023-жылдын 31-июлунда Москва шаарында кол коюлган "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2023-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) укуктук статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2023-жылдын 4-июлунда Нью-Дели шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондунан берилүүчү насыя боюнча Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Макулдашууну жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төрага |
| Н.Шакиев |