Загрузка документа…
ИЛЬИЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ильич айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-чакырылышынын кезектеги сессиясы
2022-жылдын 20-майы № 28-1/18
«Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына технологиялык автожолду курууга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
"Терек-Таш" ЖЧКсынын башкы директору А.О.Түгөлбаевдин №21-17 11.11.2021-ж кайрылуусун карап жана талкуулап, технологиялык автожолду курууга жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11, 18-п. 4, 27-п. 1-беренелерин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 18, 27-беренелерин, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 5, 12-беренелерин жетекчиликке алып, Ильич айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат::
1. Карьерден Жаңы-Жол айылына чейинки технологиялык автожолду куруу үчүн Кемин районунун Ильич айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 72,34 га жер участокторунан "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин (1-тиркемеге ылайык).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн белгиленген тартипте Юстициянын Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына карьерден Жаңы-Жол айылына чейинки технологиялык автожолду куруу үчүн "Терек-Таш" ЖЧК технологиялык автожолун куруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ильич айыл өкмөтүнүн башчысына К.Р. Жетенбаевге милдеттендирилсин.
Ильич айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Э.Абакеев |