Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Арашан жергиликтүү кенешинин  биринчи чакырылышы

 

2024-жылдын  20-мартындагы  № 6

 

 

Жаңы уюшулган “Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине“Октябрь айыл өкмөтү”, “Бѳрү-Баш айыл өкмөтү”,

 “Кара-Жал  айыл өкмөтү” мекемелеринин  документтерин

өткөрүп берүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” жобосунун негизинде «Октябрь  айыл өкмөтү» мекемеси, «Бѳрү-Баш айыл өкмөтү» мекемесин жана «Кара-Жал  айыл өкмөтү» мекемесин бириктирилгендигине байланыштуу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:  

 

     1.Жаңы уюшулган “Алтын-Арашан  айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине   “Октябрь  айыл өкмөтү”, “Бѳрү-Баш айыл өкмөтү”, “Кара-Жал  айыл өкмөтү” мекемелеринин  документтери өткөрүлүп берилсин.  

     2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысына кол коюу жагы мекемелердин каржы бөлүмдөрүнүн башчыларына жүктөлсүн.  

     3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Кулетовко  жүктөлсүн.

 

Төрага Т.Т. Иманалиев