Редакцияот 29.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 29-февралы № 1916-VII

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айдарбеков Чингиз Азаматович Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

2. "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Зулпуев Саидбек Мейраждинович Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

1) 5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Айдарбеков Чингиз Азаматович - "Альянс" парламенттик фракциясынан;";

б) 7-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"Зулпуев Саидбек Мейраждинович - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;".

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрагасынын орун басары

 

Н.Сыдыгалиев