Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-марты № 1953-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Ишеним" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джусупов Эмилбек Рамидинович Социалдык саясат боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- 4-пунктчанын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Джусупов Эмилбек Рамидинович - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
| Дж.Исаева |