ИЛЬИЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-августу № 28-4/29
Карагайлибулак акиташ кенин, Чыгыш участогун ижара шартында иштетүүгө жер участогун убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Жетенбаевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 83.1, 81.3-беренелерин, Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамынын 6, 7 жана 18-беренелерин жана №2 04.12.2020-жылдагы аукционунун протоколун негизинде, Ильич айылдык кеңеши;
ТОКТОМ кылды:
1. Карагайли конушундагы Ильич айылында жалпы аянты 7 га болгон ижара шартында убактылуу пайдаланууга жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин контур №210/2,75; 211/0,07; 216/4,0; 217/0,05; 746/0,13; "Шылин" ЖЧКсына, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк 192953-3300-ЖЧК 07.10.2020-жылдан баштап Карагайлибулак акиташ кенин, Чыгыш участогун иштетүү үчүн 18 жыл жана 4 ай мөөнөткө 2021-жылдын 25-августунан баштап 2039-жылдын 31-декабрына чейин. 6823-иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга ылайык 192953-3300-ЖЧК 14-декабрь 2020-жыл лицензиялык макулдашуусу №1 2020-жылдын 14-декабрь, 2020-жылдын 2-декабрында коргоо үчүн аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол №2 04-декабрь 2020-жыл.
2. Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына Карагайлибулак акиташ кенин, Чыгыш участогун иштетүүгө ижара шартында "Шылин" ЖЧКсына жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө тиешелүү чечим чыгаруу өтүнүчү менен кат менен кайрылсын,
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ильич айыл өкмөтүнүн башчысына К.Р. Жетенбаевге милдеттендирилсин.
Ильич айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Э.Абакеев |