Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-апрели № 1969-VII
Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын иши, курулушка жана жолдорго тиешелүү башка маселелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 131-р тескемеси менен түзүлгөн азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын аймагы жогорку сейсмикалык активдүү зонада жайгашкандыгын эске алып, мамлекеттик органдарды мүмкүн болгон жер титирөөлөргө өз убагында даярдоо максатында, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу жана жолдордун абалын жакшыртуу боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын иши канааттандырарлык эмес деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасында сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын (имараттар менен курулмаларды паспорттоштуруу, мониторинг жүргүзүү, бирдиктүү маалыматтык базаны түзүү ж.б.) жана аны жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- имараттарды жана курулмаларды табигый жана техногендик таасирлерден коргоого багытталган алдын алуучу чараларды көрсүн;
- имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугун, иш жүзүндө эскиргендигинин даражасын жана техникалык абалын аныктоо, ошондой эле алардын сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, аларга тандоо жолу менен инженердик-техникалык текшерүү жүргүзсүн;
- долбоорлоодо жана курулуш баскычтарында имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды эске алуу менен кыска мөөнөттө сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыксын;
- лицензиясы жана квалификациялык сертификаттары бар тиешелүү адистери жок курулуш бригадаларынын жана компанияларынын көп кабаттуу имараттарды куруу-монтаждоо иштерин жүргүзүүсүнө жол бербөө максатында, жаңы объектилердин курулушунун жүрүшүнө жана имараттардын сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына контролду күчөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтун имараттардын жана курулуштардын курулуш ченемдерине жана курулуш эрежелерине ылайыктуулугун текшерүү үчүн зарыл болгон жабдуулар жана приборлор менен жабдуу маселесин чечсин;
- ведомстволор аралык комиссиянын натыйжасыз иши үчүн тиешелүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын;
- практикалык иштерге көз карандысыз эксперттерди тартуу менен ведомстволор аралык комиссиянын жаңы курамын түзүп, анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатындагы контролду жүзөгө ашырсын;
- "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселени контролго алсын, ошондой эле титулдук тизмеге киргизилген бардык жол-курулуш иштерин өз убагында жана толук көлөмдө каржыласын;
- Кыргыз Республикасындагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга жана жакшыртууга бөлүнгөн финансы каражаттарын натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди күчөтсүн;
- Кыргыз Республикасында сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын жүзөгө ашырууга (имараттар менен курулмаларды паспорттоштуруу, мониторинг жүргүзүү, бирдиктүү маалыматтык базаны түзүү, ж.б.), керектүү жабдууларды сатып алууга зарыл кɵлɵмдөгү ар жылдык каржылоону караштырсын;
- мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган, долбоорлоо жана куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участоктору менен жарандык укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө (субижарага, сатууга, алмаштырууга, уставдык капиталга киргизүүгө) тыюу салууну киргизүү жөнүндө маселени карасын;
- Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте мыйзамсыз курулуштарга жана алдамчылык иш-аракеттерге бөгөт коюу максатында, курулуштун бүтпөй калган себептерин, компаниялардын даректерин жана жетекчилерин көрсөтүү менен, компания көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун бүтпөй калгандыгына байланыштуу кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган ишенимсиз компаниялардын тизмесин түзүп чыксын, ошондой эле алардын лицензияларын токтотуу маселесин карасын. Бул тизме Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин сайттарына жарыяланууга тийиш;
- "бирдиктүү терезе" принциби боюнча курулуш пландарын ишке ашыруу тартибин жөнгө салсын, "бирдиктүү терезе" режиминде толук кандуу ишти камсыз кылсын, долбоорлорду ишке ашыруу башталганга чейин документтерди даярдоонун жана тапшыруунун учурдагы жол-жобосун оптималдаштырсын, ошондой эле коррупциялык тобокелчиликтерди четтетүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
- инвестициялык климатты жакшыртуу, курулуш мөөнөттөрүн кыскартуу жана акталбаган административдик жол-жоболорду жоюу максатында архитектуралык мыйзамдарды толугу менен кайра карап чыгуу аркылуу Шаар куруу кодексин иштеп чыгууну тездетүү боюнча чараларды көрсүн.
4. Аткарылган иштердин жыйынтыктары боюнча 2024-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шакиев |